Videos by Politumma.info. Маалыматтык сайты
Халифалык: Аруж Барбарос
Тышкы карызды ким алса ошо төлөйт
Тышкы карызды туура чечүүнүн бирден бир жолу кайсы чиновник бийликте кезде алды, ошолор төлөш керек, анткени бийлик кезинде кыянаттык менен пайдаланып байышты. Шадиевдин эле бизге жеткен маалымат боюнча бир жарым миллиард сомдук байлыгы бар экени айтылды.
АМЕРИКА ХАЛИФАЛЫККА ЖЫЛДЫК САЛЫК ТӨЛӨГӨНБҮ?
АМЕРИКА ХАЛИФАЛЫККА ЖЫЛДЫК САЛЫК ТӨЛӨГӨНБҮ?
Вашингтон Алжир вилаяты менен байланып, жарашуу келишими түзүлүшүн сурады. 1210-хижрий сапар айынын 21инде т.а. 1795-миладий жылы 5-августта түрк тилинде жазылган 22 беренеден турган келишимге ылайык, Америка төмөнкүлөргө кол койду: «АКШ Осмоний Халифалык мамлекетине моюн сунуучу Алжир вилаятына азыр 642 миң алтын доллар төлөйт жана ар жылы 12 миң алтын Осмоний лирасын төлөп турат. Мунун ордуна Алжирдеги америкалык туткундар коё берилет жана Алжир вилаяты Атлантикада, Жер ортолук деңизинде да, бирер Америка кемесинин жолун тоспойт».
Келишимди тастыктап Жорж Вашингтондун өзү, Осмоний мамлекет тарабынан болсо бекларбеги Хасан паша кол коюшкан. Бул маалыматтар ушул документтин Кошмо Штаттар улуттук архивинде (National Arhives of the United Stated) сакталып жаткан түп нускасынан жана англисче котормосунан (Nunter Miller ‘Treaties of the United States…. Вашингтон 1939, 317-276) алынды.
Американын бүткүл тарыхын ичинде башка тилде жазылган келишимге кол коюшу жүз берген бирден-бир окуя ушул болгон. Дал ошондой эле, Америка бүткүл тарыхы ичинде чет мамлекетке жылдык салык төлөп туру
Казакстанда “салттуу диндер” лидерлери жолугушту.
Казакстандын борбору Астанада “Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин 6-съезди” болуп өттү. Бул тууралуу Vesti.kg маалымат агенттигинин кабарчысы билдирди.
Съезддин ачылуу аземине Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Сербия президенти Александр Вучич, Түркиянын Дин иштери башкармалыгынын башчысы Али Эрбаш жана башка ислам, буддизм, даосизм, иудаизм сыяктуу дүйнөлүк диндердин лидерлери жана өкүлдөрү катышты.
Иш чаранын алкагында диндер аралык диалогдун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн айрым диний лидерлерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды.
Дин жана глобализация, диний лидерлер жана сайсий ишмерлер, терроризм жана экстремизм темалары талкууланган съездге 46 мамлекеттен 80ден ашуун делегация катышты.
Бардык өкүлдөр адатка айланган “экстремизм жана терроризм” туурасында сөз сүйлөштү.
Маселен, Москва патриархатынын өкүлү митрополит Волоколомский Иларион: “Бүгүнкү күндөгү талкуулардын көбүнөн “диний терроризм” же “исламий терроризм” деген терминдерди көп угууга болот”, деди.
О.э. Президент Назарбаев, жыйындын ачылыш сөзүндө Казакстанда 18 конфессияга таанд
Шамбесай кенинде уруксатсыз жүргөн кытайлар кармалды
Шамбесай кенинде уруксатсыз жүргөн кытайлар кармалды
Баткен облусундагы Шамбесай алтын кенинде уруксатсыз чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан кытай жарандары жергиликтүү эл тарабынан кармалды. Тургундар кытайлык 4 жаранды контейнерге камап коюшкан. Райондук милиция окуяны иликтеп, аларга админстративдик жаза колдонула турганын айтып ишендирүүдө.
Кармалган кытайлыктар Чаткал районунда кен иштетип жаткан «Голден-Групп» компаниясынын башчысы жана кызматкерлери экени аныкталды.
Кыргызстанда имамдар кайрадан аттестациядан өткөрүлөт
Кыргызстанда имамдар кайрадан аттестациядан өткөрүлөт
Кыргызстанда имамдар кайрадан аттестациядан өткөрүлөт. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов билдирди.
Эргешовдун айтымында, аттестацияны октябрь айында баштоо пландалып жатат. Мыйзам боюнча имамдардын диний жана светтик билими болушу керек. 2016-жылы аттестация башталганда алардын 80-90%ы светтик билимге ээ болбогондуктан, көпчүлүгү аттестациядан өтпөй калмак. Алдыда өтө турган сынакта 10-20%ы гана жооп бере албай калышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, үч жылдан бери “Ыйман” фонду имамдарга мамлекеттик саясат, риторика, “Манас”, каада-салттар деген темаларда окутууларды өткөрүп келген.
Дин комиссия ишке салып жаткан долбоор “динди турмуштан ажыратуу керек” деген куфр акыйдасына негизделген жана исламий өлкөлөрдө иш жүзүндө өкүм сүрүп келген капиталисттик идеологияга исламий түс берүүнү максат кылат. Бул болсо, үммөттү зулумдукка тартып бараткан исламий көрүнүштөгү куфр системасынын өмүрүн узартууга жардам берет. Аны коомдо жетекчи пикир катары сактап калууга аракет кылат.
Пайгамбарыбыз Мухаммад салаллаху алейхи вассаламдын өмүр таржымалы
Пайгамбарыбыз Мухаммад салаллаху алейхи вассаламдын өмүр таржымалы: 6-бөлүм. Бул бөлүмдө Мухаммад салаллаху алейхи вассаламдын төрөлүшү жана балалык кези тууралуу кеп болот...
Пайгамбарыбыз Мухаммад салаллаху алейхи вассаламдын өмүр таржымалы
Пайгамбарыбыз Мухаммад салаллаху алейхи вассаламдын өмүр таржымалы: 4-бөлүм. Бул бөлүмдө Мухаммад салаллаху алейхи вассаламдын санжырасы тууралуу кеп болот