Ата-Журт - Кыргызстан

«Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясы

Photos from Ата-Журт - Кыргызстан's post 25/04/2024

Белгилей кетсек, жолугушуу 26-апрелде Бишкекте өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын 10-жыйынынын алкагында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүү, парламенттер аралык диалогду мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.
Алгач Улан Примов Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыктын чоң потенциалы жана келечеги бар экенин белгилеп, анын ичинде экономика, соода, коопсуздук жана маданият сыяктуу тармактарда жигердүү иш алып баруу керектигин кошумчалады.
Муну менен катар эл өкүлү парламенттер аралык мамилелерге токтолуп, КМШ ПАА жана ЖККУ ПА сыяктуу эл аралык уюмдардын жана аймактык интеграциялык бирикмелердин алкагында эки өлкөнүн парламенттеринин эффективдүү өз ара байланыштарына көңүл бурду. «Эки өлкөнүн парламенттеринин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйындарынын өтүшү – кызматташтыктын жогорку натыйжалуулугун далилдеп турат», - деди.
Жолугушууда миграция жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, комитет төрагасы Улан Примов Россиянын аймагында иштеген мекендештердин бир катар актуалдуу маселелерине токтолду. Депутат Кыргызстандын жарандарынын Россияда мыйзамдуу жүрүүсүн жана ишмердүүлүгүн жеңилдеткен маселелерди чечүү жолдорун белгиледи.
Улан Примов Кыргыз Республикасынын жарандары миграциялык режимдин ырааттуу катаалданышынан улам кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын айтып, орус тараптын маселелерди оң жагына чечип берүүсүнө үмүт артарын билдирди.
Өз кезегинде Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Фарит Мухаметшин эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө жана бекемдөөгө даяр экендигин билдирди. Ал Жогорку Кеңештин жана Федерация Кеңешинин тармактык комитеттери менен кезектеги кошмо жыйынын өткөрүп, актуалдуу, анын ичинде миграция жаатындагы маселелерди талкуулоону сунуштады.
#ЖогоркуКеңеш

Photos from Ата-Журт - Кыргызстан's post 19/04/2024

Кыргызстанда адамдын органдарын жана ткандарын трансплантациялоо боюнча жасалып жаткан иштердин абалын текшерүү боюнча Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жумушчу тобунун отуруму болду.

Жыйында жумушчу топтун мүчөлөрү саламаттык сактоо министрлигинин трансплантация боюнча аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат укту. Адистер органдарды алмаштырууга муктаж болгон бейтаптардын саны жана абалы боюнча билдиришти. Депутаттар тарабынан органдарды алмаштыруу операциясына муктаж бейтаптардын реестрин түзүү боюнча маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле, акча каражатын бөлүштүрүү боюнча суроолор жаралды.

Белгилей кетсек, 19-февралда Социалдык саясат боюнча комитетте Жогорку Кеңештин жумуш тобу түзүлгөн. Анын курамына депутаттар Бактыбек Сыдыков, Айбек Маткеримов жана башкалар кирген.
Отурумда Саламаттык сактоо министрлигинин жолдомосу менен Түркияда трансплантология адистиги боюнча окуп келген адистер боюнча маселелер көтөрүлгөн.

#ЖогоркуКеңеш #АтаЖуртКыргызстан #ДепутатБактыбекСыдыков #СаламаттыкСактоо #ЭлДенСоолугу

Photos from Ата-Журт - Кыргызстан's post 11/04/2024

Жолугушуу учурунда депутат Мейкинбек Абдалиев, мындан дээрлик 30 жыл мурда 1994-1997-жылдары аталган техникумду бухгалтердик иш адистиги боюнча аяктаганын айтып, бул окуу жайдын студенттери менен жолугушуп жатканына толкунданганын билдирди.

Эл өкүлү өзүнүн эмгек жолуна токтолуп, жаштарды билимге умтулууга чакырды. «Ийгилик жомоктогудай болуп, өзү эле келип калбайт. Бардык ийгиликке өзүңдүн талыкпаган аракетиң менен жетишиң керек. Мен үч жолу айылдык кеңешке, бир жолу райондук кеңешке депутат болгонмун. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына жана 7-чакырылышына депутат болуп шайландым», - деди.

Окуу жайдын окутуучусу Дарийка Байбосова: «Азыркы студенттер китеп окубайт. Аларга «Манас» эпосун кантип окутсак болот?» деген суроосуна, депутат азыркы маалыматтык технологиялар өнүгүп жаткан заманда, «Манас» эпосун балдар бакчасынан тартып, жогорку окуу жайына чейин окутуу үчүн ылайыктап, телефонго, интернетке жүктөө зарылдыгын белгиледи.
Муну менен катар эл өкүлү болочок финансисттерге азыркы республикалык бюджет профицит менен кабыл алынганын белгилеп, муну эгемендүүлүк алган 30 жылдан ашуун мезгилдеги чоң жетишкендик катары баалады.

Андан тышкары, жолугушууга келген студенттер үчүн парламенттин имаратында экскурсия жүргүзүлүп, Жогорку Кеңештин жыйынына да көз салышты.

#ЖогоркуКеңеш

Photos from Ата-Журт - Кыргызстан's post 08/04/2024

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Баткен районуна иш сапары менен барып, аймактагы айрым жолдордун абалы менен таанышты.

Алгач эл өкүлү транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев баштаган жергиликтүү жетекчилер менен бирге Раззаков шаарындагы айланма жолдун абалынан кабар алды.

Алты жарым чакырымдай узундуктагы айланма жол жасалып, ишке берилсе шаар ичиндеги унаа тыгынын азайтууга өбөлгө түзүлмөк. Буга байланыштуу депутат Камила Талиева тиешелүү министрликтерге кайрылып, аталган жолду ишке киргизүү талабын койгон.
“Айланма жолдун курулушу Раззаков шаарынын тургундары үчүн эле эмес, жалпы Баткен облусунун калкы үчүн маанилүү. Андыктан, тез арада каражат маселеси чечилип, тийиштүү иштер башталышы керек”, – деди депутат Камила Талиева.

Жыйынтыгында тиешелүү мекемелерге керектүү тапшырмалар берилди.

#ЖогоркуКеңеш

Photos from Ата-Журт - Кыргызстан's post 05/04/2024

Бүгүн, 5-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жана «Мекенчил» депутаттык тобунун кошмо жыйынында 2024-жылы өтө турган # # жайкы Олимпиада оюндарына, XVII жайкы Паралимпиадалык оюндарына жана эл аралык мелдештерге спортчуларды даярдоо иштери боюнча маалымат угулду.
Муну менен катар Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорттун учурдагы абалы, көйгөйлөрү, аны чечүү жолдору жана анын деңгээлин жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар каралды.
Аталган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Кылычбек Сарбагышев баяндамаларды жасашты.
Депутат Таалайбек Сарыбашов спортчулардын ХХХIII жайкы Олимпиада оюндарына даярдыгынын жүрүшү жана аймактардагы мектептерде спорт залдардын жетишсиздиги тууралуу маселелерге токтолду. Эл өкүлү Айбек Алтынбеков спорт тармагындагы көйгөйлөр тууралуу сөз кылып, спортчулардын тамак-ашына жана спорт имараттарын оңдоого кеткен чыгымдарга өзгөчө көңүл бурду.
Андан тышкары, депутат Камила Талиева улуттук курама командаларды жайкы Олимпиада оюндарына даярдоо үчүн Финансы министрлиги тарабынан өз убагында каржылоонун маанилүүлүгүн белгилеп, спортсмендердин витаминдештирилген туура тамактануусун уюштурууга байланышкан маселелерди ортого салды.
Өз кезегинде эл өкүлү Надира Нарматова аймактарда спортту колдоо жана өнүктүрүү маселесине токтолсо, депутат Жылдыз Садырбаева спортчулардын пенсияга чыгуу укугун карап чыгууга чакырды. Эл өкүлү Мейкинбек Абдалиев аймактарда спорт комплекстердин типтүү имараттарын куруу керектигин кошумчалады.

Photos from Ата-Журт - Кыргызстан's post 04/04/2024

Санкт-Петербург шаарында КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын контролдук-бюджеттик комиссиясынын жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө 15 маселе каралып, анын ичинде КМШ ПААнын ишмердигинин учурдагы каржысы, ассамблеянын бюджетин түзүү жана аткаруу, ошондой эле КМШ ПААнын контролдук-бюджеттик комиссиясынын төрагасын шайлоо жөнүндө маселелер коюлду.

Белгилей кетсек, КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын төрагаларынын кызмат орундарын бөлүштүрүүгө ылайык, контролдук-бюджеттик комиссиянын төрагалыгы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат.
Жогорку Кеңеш комиссиянын төрагалыгына депутат Бактыбек Сыдыковдун талапкерлигин сунуштап, аны бир добуштан колдоду.
Мындан тышкары КМШга мүчө-мамлекеттердин “Шериктештиктин балдары” эл аралык маданий-билим берүү форумун каржылоо жөнүндө токтому каралды. Ушул тапта 2024-жылдын 25-июнунан 4-июлуна чейин Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өтүшү пландалган форумга мектептин жогорку класстагы окуучуларынан делегациялар түзүлдү.

#ЖогоркуКеңеш

Photos from Ата-Журт - Кыргызстан's post 02/04/2024

Ноокат району боюнча айыл өкмөттөрдүн башчылары, айылдык Кеңештин төрагалары,айылдык кеңештеги тармактык комитетитердин төрагалары. Мектептердин, балдар бакчаларынын директорлору профсоюз уюмунун жана аялдар кеңештеринин төрагалары, Мекеме ишкананын жетекчилери.
Райондук жана айыл өкмөттөрдөгү аксакалдар , аялдар ,жаштар кеңешинин төрагалары жана анын составдары.
Жеке менчик ишканалардын жетекчилери .
Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, жарандык активисттер жана
шайлоочулардын катышуусунда Жогорку Кеңештин депутаты Нарматова Надира Азимовна менен кеңири форматта жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуу жогорку деңгээлде ,уюшкандыкта, шайлоочулардын активдүү катышуусунда өттү.

Өзгөчө Президентибиздин улуттук баалуулуктар,улуттук идеологияны калыптандыруу максатын көздөгөн өзгөчө маанидеги кабыл алган төрт жарлыгы жөнүндө ,
Жогорку Кеңеште кабыл алынган мыйзамдар жөнүндө кеңири суроо жооптордун айтылганы өтө кызыктуу болду.
Жолугушууга келген шайлоочулар жана райондун активдери активдүү катышып кеңири сын,сунуштар айтышты. Кеңири мазмунда суроо жооптор болду. Депутатка мамлекеттик деңгээлде чечилүүчү наказдар берилди. Надира Нарматова ар бир суроого так жана далилдүү сүйлөп, мамлекетибиздин ар тараптуү өнүгүү жолуна түшүп, өсүп өнүгүү болуп жаткандыгынын далили катары бийлик бутактарынын ынтымакчылыкта иштеп жаткандыгынын белгиси катары далилдүү фактылар менен сыпаттап берди. Мыйзам чыгаруу жаатында өзүнүн демилгечи болгон мыйзамдары жөнүндө баса белгиледи. Өкүлчүлүк милдетин аткарууда шайлоочулардын берген наказдарын аткарууда жасап жаткан иштери жөнүндө кеңири айтып берди. Мындан ары Жакшылыктын жайылтуучусу,
жамандыкты жашырып оңолуучулардан бололу. Жакшылыка себепкер бололу деп ,райондун жалпы активине,шайлоочуларга ыраазычылыгын билдирип өз сөзүн жыйынтыктады.
Жолугушууга Райондук мамлекеттик администрациянын башчысы, аким Субакожоев Мойдунбек Жакыпович кошо катышып ыраазычылыгын билдирип жолугушууну жыйынтыктады.

Photos from Ата-Журт - Кыргызстан's post 02/04/2024

Депутат Гүлшаркан Култаева аймактарда иш алып баруу жумалыгынын алкагында Аксы районуна иш сапары менен барды.
Иш сапарынын алкагында аймактагы көйгөйлөр менен жеринде таанышып, жергиликтүү тургундар менен да жолугушту.

Жолугушууда бир катар социалдык-инфратүзүмдүк маселелер көтөрүлүп, аларды чечүү багытында сунуш-пикирлер айтылды.
Алсак, Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу Терс айылында сел коркунучу күч. Айрыкча жамгыр жааган күндөрү келген селдин кесептинен айдоо аянттары жараксыз абалга келген учурлар бар. Андыктан, жергиликтүү тургундар селдин алдын алуу үчүн дамбаларды курууга көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Ошондой эле аталган айыл коңшу Өзбекстан мамлекетине чектеш жайгашкандыктан, чек арага жакын айылдар үчүн каралган макамды ыйгаруу талабын айтышты.
Андан тышкары, калкты таза суу менен камсыздоо тууралуу да сунуштар берилди.
Депутат Гүлшаркан Култаева калктын саламаттыгы суунун сапатына көз каранды экенин белгилеп, бардык айылдар таза суу менен камсыздалышы керектигин кошумчалады.

Жолугушуу Кызыл-Жар айылдык ооруканасында да уюштурулуп, депутат анда иштеген ак халатчан адистер менен баарлашты. Баарлашууда калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө байланышкан маселелер талкууланып, шарттарды жакшыртууга багытталган демилгелер көтөрүлдү.

Муну менен катар эл өкүлү Жар-Башы айылында салынып жаткан Рыскул Солпуев атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушу менен таанышты. Курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырган Гүлшаркан Култаева имаратты белгиленген убактысынан кечиктирбей бүткөрү керектигине да токтолду.
Мындан сырткары, бардык жолугушууларда айтылган ар бир маселени өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү министрликтер менен бирге чечүү аракетин көрөрүн билдирди.

#ЖогоркуКеңеш

02/04/2024

Өткөрүү убактысы: 2024-жылдын 05-апрели, саат 10:00✅

Өткөрүү орду: КР Жогорку Кеңешинин Чоң жыйындар залы.
 
      1. Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорттун учурдагы абалы, көйгөйлөрү, аны чечүү жолдору жана анын деңгээлин жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар.✅
      2. 2024-жылы өтө турган # # жайкы Олимпиада оюндарына,  XVII жайкы Паралимпиадалык оюндарына жана эл аралык мелдештерге спортчуларды даярдоо иштери боюнча маалыматты угуу.✅
     Баяндамачы:⬇️
• 1-2-маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги.

Чакырылгандар:⬇️
• Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешиндеги өкүлчүлүгү;
• Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;✅
• Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
• Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;✅
• Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;✅
• Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитети;✅
• Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы;✅
• Спорттук реабилитациялоо борбору;
• Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы;✅
• Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери.✅
                             
3. Ар кандай маселелер.✅

Photos from Ата-Журт - Кыргызстан's post 28/03/2024

Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов Ош облусунун Чоң-Алай районуна жасаган иш сапарынын алкагында Кашка-Суу жана Жекенди айыл өкмөттөрүндөгү бир катар жаңыдан салынып жаткан социалдык объекттердин курулушун жеринен көрдү.
Иш-чарага райондун акими баш болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери дагы катышты.
Алгач депутат Ачык-Суу айылындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебине барып, 275 окуучуга ылайыкташкан билим уясынын жаңы имаратынын курулушун көрдү. Аталган мектептин курулушу 2023-жылы башталып, быйыл пайдаланууга берилери пландалган.

Андан соң эл өкүлү Кашка-Суу айылындагы 50 орундуу “Байчечекей” балдар бакчасынын жаңыдан салынып жаткан имараты менен таанышты. Аталган балдар бакчасын ушул жылдын сентябрь айында ишке берүү пландалып жатканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Мындан тышкары, депутат Эльдар Сулайманов Жекенди айыл өкмөтүндөгү чек арачылардын жана Достук жаңы конушунун тургундарынын балдары үчүн курулуп жаткан балдар бакчасынан дагы кабар алды. Элүү орунга ылайыкташкан бул балдар бакчасы дагы үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында ишке берилет.

Депутат Эльдар Сулайманов кышы узакка созулган шарты катаал Чоң-Алай районунда курулушу жүрүп жаткан объекттердин сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгилеп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге куруучуларды өз иштерине жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды. Эл өкүлү быйыл республика боюнча бир топ социалдык объекттер курулуп, ишке берилерин жакшы саамалык катары белгилеп, жакынкы үч жылда Чоң-Алай районунда көйгөй жараткан курулушка болгон муктаждык жоюларын билдирди.

#ЖогоркуКеңеш

21/03/2024

Урматтуу мекендештерим!

Нооруз майрамыңыздар менен баарыңыздарды чын жүрөктөн куттуктайм.
Жаз майрамы Нооруз да босогобузду аттап кирип келди, бул жаңылануунун, жакшы тилектердин, жаңы башаттардын башталышы.
Жазда жаңы үмүт-тилектер бүчүр алып, дыйкандар кош айдап, үрөн сээп, түшүмдүүлүктүн көп болушун тилегендей биз да Нооруз майрамында элибизде ынтымак, биримдик болсун деп аруу каалоо-тилектерди тилейбиз.
Ушул кубанычтуу майрамда жергебизде тынчтык болуп, элибизге жакшылыктарды тартууласын.
Ылайым ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, биримдиктин, бир туугандыктын сезими согуп турсун.
Үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин.
Ушул жыл ынтымактын, бекем достуктун, экономикалык өсүп-өнүгүүнүн, ийгиликтердин, ар тараптуу жетишкендиктердин жылы болсун!
Дайыма жүзүңүздөр жарык, маанайыңыздар ачык болсун.
Тилеген ой-максаттарыңыздар орундалсын!

Photos from Ата-Журт - Кыргызстан's post 14/03/2024

Депутат Надира Нарматова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы, жогорку кесипкөйлүгү, ошондой эле жигердүү коомдук ишмердиги үчүн: «Борбордук Азияда коомчулук мамилелерди өнүктүрүү институту» коомдук фондунун директоруна - Эрназарова Калдан Снабековнага тапшырды.

Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы, ошондой эле жигердүү коомдук ишмердиги үчүн төмөнкүлөр сыйланды: Бобулов Улан Алайдинович - Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Калдай айылынын тургуну, жеке ишкер жана Маматов Турат Зайнудинович - Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Калдай айылынын тургуну, жеке ишкер.

Photos from Ата-Журт - Кыргызстан's post 13/03/2024

Кыргыз Республикасында адамдын органдарын жана ткандарын трансплантациялоо боюнча жасалып жаткан иштердин абалын текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин жумушчу тобунун мүчөлөрү, депутат Бактыбек Сыдыков жана башка депутаттар катышты.

Түркия Республикасынын Малатья шаарында жайгашкан Инөнү университетинин ректору, доктор Ахмет Кызылай менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын Президенттеринин органдарды трансплантациялоону уюштурууда Кыргызстанга жардам көрсөтүү келишиминин алкагында, боор жана жилик чучугун трансплантациялоо боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Жыйынга катышкан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган маселе боюнча маалымат берип, тармактык министрликтин жолдомосу менен Туркия Республикасында трансплантология адистиги боюнча жалпысынан 65 адис окуп, 33 стажировкаларын аяктап, 32си окуусун улантып жатканын белгиледи.

11/03/2024

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Гүлшаркан Култаева белгилүү комузчу, автор жана аткаруучу, элдик күүлөрдүн чебери Ныязаалы Борош уулунун элесин түбөлүккө калтыруу жана анын чыгармачылыгын жайылтуу боюнча сунуш киргизди.

Алгач эл өкүлү комузчунун чыгармачылык жана турмуш жолуна токтолуп: «Кыргыз элинин залкар комузчусу, күү атасы аталган Ныязаалы Борош уулу 1856-жылы Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган. Ныязаалы жаш кезинен комузга шыктуу болуп, атасынан бир нече күүлөрүн үйрөнүп чоңоет. Ал кара күүлөрдүн, айтым күүлөрдүн гана автору болбостон комузда жан-жаныбарлардын доошун дал өзүндөй кайталап черткен чыгаан өнөрпоз», - деди.

Депутат Гүлшаркан Култаева Ныязаалы Борош уулунун сиңирген эмгегине мамлекеттик деңгээлде жогорку баа берүү керектигин белгиледи.
«Токтогул, Жеңижок, Атай, Эрке Сары, Калык, Айдаралы, Коргол, Эшмамбет, Алымкул жана башка таланттардын устаты болгон Ныязаалы Борош уулу мамлекеттик деңгээлде эскерилбей, юбилейлери белгиленбей, элге кеңири таанылбай келгендиги өтө өкүнүчтүү», - деген эл өкүлү тарыхчылар менен биргеликте күүлөрүнүн тизмесин тактоону колго алып, нотага түшүрүп, китебин чыгарууну суранды.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү бул сунушту колдоп, тиешелүү чечим кабыл алышты.

#ЖогоркуКеңеш

Photos from Ата-Журт - Кыргызстан's post 01/03/2024

Фракция лидери Бактыбек Сыдыков баштаган фракциянын депутаттары Борбордук Бакыт өргөөсүнө барышты. Таанышуу учурунда депутаттар имарат капиталдык оңдоого муктаж экенин белгилешти. Калкты каттоо департаментинин өкүлдөрү 2024-жылы Борбордук бакыт өргөөсүнүн имаратын оңдоого 5 млн сом бөлүү пландалганын маалымдашты.
Андан соң эл өкүлдөрү Санариптик министрлигине караштуу Архив кызматынын имаратын кыдырып чыгышты. Кызматтын төрайымы Мария Алыбаева аталган мекеменин иши, жетишкендиктери жана көйгөйлөрү тууралуу айтып берди.
Фракция мүчөлөрү Санариптик министрлигине барып, санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшү жана «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат системасын киргизүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат угушту. Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жана Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев баяндама жасашты.
Депутат Талайбек Масабиров аймактардагы калкты тейлөө борборлорунун ишине, кезек көйгөйүнө өзгөчө көңүл буруп, электрондук кезек маселесине токтолду. Алишер Козуев жана Чынберди Төлөнов Борбордук бакыт өргөөсүнүн имаратынын абалына, Архив кызматынын көйгөйлөрү тууралуу сөз кылып, өлкөнүн алыскы калктуу конуштарын интернет менен камсыздоо жаатындагы маселелерди ортого салышты.
Кундузбек Сулайманов саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүүнү тездетүүгө чакырып, аймактардан дарылануу үчүн борборго келген жарандар дарыгерден жолдомо жана пенсиялык күбөлүк алышы керектигин жүйө келтирди. Министр Нурия Кутнаева бул маселени тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иштеп чыгарын убадалады. Жылдыз Садырбаева «Түндүк» мобилдик тиркемесинде аскердик билет, эмгек китепчеси сыяктуу санариптик документтерди киргизүүнү сунуштады. Мейкинбек Абдалиев «Түндүк» жана «Кыргыз почтасынын» ишмердүүлүгү боюнча сурады. Камила Талиева киберкоопсуздукту камсыздоо жана жарандардын жеке маалыматтарын коргоо тууралуу, ал эми Ж. Кыдыкбаев кош идентификациялык жеке номерлер боюнча айтты.
Бактыбек Сыдыков өлкөнүн бардык тарыхый документтери сакталып турган Архив кызматынын муктаждыктарына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Photos from Ата-Журт - Кыргызстан's post 01/03/2024

Жогорку Кеңеште депутат Медербек Алиевдин төрагалыгы алдында «Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги» аттуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин диалогу өтүүдө. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ар түрдүү тармактагы лидер аялдар катышууда.
Алгач Кыргыз Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева Төрага Нурланбек Шакиевдин куттуктоо сөзүн окуп, анда кыргыз аялдарынын коомдук-саясий турмуштагы өзгөчө ролу белгиленди.
Жамила Исаева азыркы дүйнөдө лидер айымдардын ролу жогорулап, бардык тармактарда активдүү иш алып барып, мамлекеттин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизип жатканын билдирди.
«Бирок биз мындан ары да гендердик теңчиликти камсыздоо жана мамлекеттин гүлдөп өсүшү үчүн аялдарды колдоону улантышыбыз керек. Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укугу жана гендердик теңчилик боюнча Кеңеш учурдун маанилүү маселелерин талкуулаган мындай диалогдорду жыл сайын өткөрүү демилгесин көтөрүп жатабыз», - деген Ж. Исаева бардык кызыкдар тараптарды кызматташууга чакырды.
Муну менен катар, төраганын орун басары бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн биргелешкен механизмдердин маанилүүлүгүнө көңүл бурду. «Дүйнөлүк экономикалык жана социалдык чакырыктардын шартында аялдарды, балдарды жана кары-картаңдарды, жалпы эле коомдун аярлуу катмарын коргоону улантуу зарыл», - деди ал.
#ЖогоркуКеңеш

Photos from Ата-Журт - Кыргызстан's post 27/02/2024

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев жана Депутат Айбек Маткеримов Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен парламент имаратында жолугушту.
Алгач парламент төрагалары тар чөйрөдө баарлашып, андан соң кеңири курамда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселесин талкуулашты.

Ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтык тууралуу сөз кылган монгол парламентинин Төрагасы эки өлкөнүн студенттерин жогорку окуу жайларда билим алуусуна шарт түзүү демилгесин көтөрдү.

27/02/2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
«Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик
фракциясынын көчмө жыйынынын
КҮН ТАРТИБИ        
        
Өткөрүү убактысы: 2024-жылдын 01-марты, саат 10:00-12:00✅

     Өткөрүү орду: Бишкек шаарындагы Борбордук Бакыт                                     өргөөсү, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жана Кыргыз Республикасынын
Санариптик өнүктүрүү министрлиги✅
 
 
1. Бишкек шаарындагы Борбордук Бакыт өргөөсүнүн ишмердүүлүгү менен таанышуу (дареги: Бишкек шаары,                                Ю. Абдрахманов көчөсү, 197), убактысы: саат 10:00.

Баяндамачылар:⬇️
• Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
• Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти.
 
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик министрлигине караштуу Архив кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышуу (дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 105), убактысы: саат 11:00.
      Баяндамачылар:
• Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
• Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы.
 
3. Кыргыз Республикасындагы санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшү жана “Санарип аймак” автоматташтырылган маалымат системасын киргизүүнүн жыйынтыктары (дареги: Бишкек шаары, И. Ахунбаев көчөсү, 119), убактысы: саат 12:00;
       Баяндамачылар:
• Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
• Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик.
       Чакырылгандар:
• Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгү;
• Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
• Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик;
• Бишкек шаарынын мэриясы;
• Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери.
 
      2.  Ар кандай маселелер.

Photos from Ата-Журт - Кыргызстан's post 22/02/2024

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов билим берүү, маданият тармагын, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле жигердүү коомдук-саясий иши үчүн маданият жана билим берүү тармагынын өкүлдөрүнө «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл» юбилейлик медалын тапшырды.
Сыйлыктар акын, жазуучулар союзунун мүчөсү Бердибек Жамгырчиев, кыргыз тили жана адабиятчы мугалим Угилкан Орманова жана Кадыр Мамырасуловго берилди.

Photos from Ата-Журт - Кыргызстан's post 20/02/2024

Парламентин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында келген жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусундагы жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, депутат Кундузбек Сулайманов өзүнүн жасап жаткан иштери тууралуу да учкай маалымат берди.

Жолугушууда айылдык кеңештин депутаттары Үч-Терек- Өзгөрүш - Ничке-Сай айланма жолун куруу, Сан суусуна кичи ГЭСтерди куруу жана алыскы жайлоолорго баруучу жолдорду оңдоо сыяктуу маселелерди көтөрүшүп, бир катар сунуштарды айтышты. Жогорку Кеңештин депутаты элеттин инфраструктурасын жакшыртуунун үстүндө иштер жүргүзүлө турганын белгиледи.

#ЖогоркуКеңеш

Photos from Ата-Журт - Кыргызстан's post 20/02/2024

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу багытында Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 20 млн сом акча каражаты бөлүндү. Бул тууралуу облустук Барпы театрында өткөн “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы форумда айтылды.

Форумдун негизги максаты, Жалал-Абад облусунун аймагында укук бузуулардын алдын алуу, жарандардын корголуу деңгээлин жогорулатуу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоо, четтетүү болуп саналат.

Photos from Ата-Журт - Кыргызстан's post 19/02/2024

Жолугушууга Жогорку Кеңештин Улуу Британия Бириккен Королдугу жана Түндүк Ирландия, Ирландия Республикасы менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Жанарбек Акаев да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери менен катар үстүбүздөгү жылдын март айында КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Улуу Британияга визитин уюштуруу маселелерин талкуулашты. Улан Примов менен Николас Боулер Улуу Британиянын парламентинин жана аткаруу бийлигинин расмий өкүлдөрү менен пландалган жолугушуулар жана программалар боюнча пикир алмашышты.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Улан Примов эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи жолу жогорку парламенттик деңгээлдеги мындай сапар күтүлүп жатканын белгиледи. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары бекемдөө боюнча мүмкүн болгон бардык күч-аракеттерди жумшоого даяр жана биз 2024-жылы Төраганын Улуу Британияга визитин эске алуу менен байланыштардын жогорку баскычына чыга алабыз деп ишенем», - деди Улан Примов.

Өз кезегинде элчи Николас Боулер эки тараптуу кызматташтыктын оң нукта өнүгүп жатканын белгилеп, Жогорку Кеңештин Төрагасынын сапары парламенттер жана мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоого түрткү болот деген ишенимин билдирди. Мындан тышкары, ал кыргыз парламенттик делегациясынын визитинин жемиштүү жана мазмундуу программасын өткөрүү үчүн элчиликтин Улуу Британиянын жана Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен биргеликте жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

Улуу Британия менен достук депутаттык тобунун жетекчиси, депутат Жанарбек Акаев Кыргызстан менен Британиянын ортосундагы мамилелердин азыркы абалын жогору баалады. Ал ошондой эле кыргыз эмгек мигранттарын Британиянын сезондук айыл чарба программасына тартуу маселесине токтолду. «Кыргызстанда жумушсуздук – өлкөдөгү башкы көйгөйлөрдүн бири жана биз кыргызстандыктар үчүн квотанын 1 миңден 10 миңге чейин көбөйгөнү үчүн ыраазычылык билдиребиз”, - деди ал.

#ЖогоркуКеңеш
#АтаЖуртКыргызстан

Photos from Ата-Журт - Кыргызстан's post 16/02/2024

Банктардын өкүлдөрү өздөрүнүн финансылык ишмердүүлүгү жана мамлекеттик программалардын ишке ашырылышы тууралуу айтып беришти.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Алишер Козуев айыл чарбасын каржылоо долбоору, насыяга кезек тууралуу маселе көтөрдү. Ал Баткен жана Ош облустарында жазгы талаа иштери 1 ай эрте башталарын эске алуу менен дыйкандар менен фермерлерге жеңилдетилген насыяларды эртерээк берүү керектигин белгиледи. Шайлообек Атазов Улуттук банктын, мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) ишине көңүл бурду. Таалайбек Масабиров “Кепилдик фондунун” өкүлдөрүнөн комиссиянын пайызы тууралуу сурады. Банктардын ишмердүүлүгү, айыл чарбасын каржылоо долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыялардын суммасын көбөйтүү маселесин көтөрдү.
Таалайбек Сарыбашов 2023-жылы МИК аркылуу турак жай сатып алгандардын санын тактады. МИК линиясы боюнча “РСК Банк” 1201 жана “Айыл Банк” 574 кредит берилгенин белгилешти. “РСК Банк”, “Айыл Банк” жана “Керемет Банк” мамлекеттик экенин эске алуу менен түз ипотекалык насыяларга пайыздык чендерди төмөндөтүү зарылдыгын белгиледи. Кундузбек Сулайманов айыл чарбасы боюнча насыя берүү тартибин өзгөртүү керектигин айтып, мамлекеттик банктардын ишине бир катар нааразычылыктар бар экенин белгиледи.
Камила Талиева Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарында үч мамлекеттик банктын банкоматтары жок экенин билдирди. Эл өкүлү жеңилдетилген насыяларды берүү жолу менен ишкерлерге колдоо көрсөтүү маселесин көтөрдү. Гүлшаркан Култаева банктар тарабынан онлайн-ККМ кызматтарын көрсөтүү боюнча программаларды иштеп чыгуу маселесине токтолду. Чынберди Толонов мамлекеттик банктардын пайыздык чендерин тактады. Учурда пайыздык чен 18%-26% түзүүдө. Депутат жеңилдетилген насыя багыттарын иштеп чыгышы керектигин баса белгиледи. Надира Нарматова ишкер аялдарга
жеңилдетилген насыя берүүнү жөнөкөйлөтүүнү сунуштады. Жаныбек Кыдыкбаев насыя алуучулардын кредиттик тарыхын, анын ичинде айыл чарбасын каржылоонун алкагындагы каражаттарды өздөштүрүү маселесин көтөрдү. Анын айтымында, эки жылдын ичинде мамлекеттик банктар 7 миллиард сому өздөштүрүп, калган бөлүгү сарпталган эмес. Себеби насыя алуу жол-жобосу татаал деди депутат.
#ЖогоркуКеңеш

Want your organization to be the top-listed Government Service in Bishkek?
Click here to claim your Sponsored Listing.

Videos (show all)

Депутат Чынберди Толонов: “Алдын ала жер титирөөнү билүү мүмкүнчүлүгү барбы?”“Элдин коопсуздугун сактап, жер силкинген к...
#ЖогоркуКеңеш #СоциалдыкСаясатКомитети #АтаЖуртКыргызстан #парламент #ЫсыкКөл #Политика #Мектеп #талас #бишкек #кыргызст...
Депутат Чынберди Толонов: “Кибер чабуулдан коргонуу боюнча кандай алдын алуу чаралар көрүлгөн?”"Кыргызстан "Digital CASA...
“Гепатитке каршы эмдөөдөн жарандар өтпөй ошол себептүү ооруу көбөйүп жатат”Депутат Чынберди Толонов гепатит менен күрөшү...
Бүгүнкү кошмо жыйында депутат Кыдыкбаев Жаныбек дагы бир канча суроолорун чакырылгандарга узатты жана жол маселесин көтө...
Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары - Нарматова Н.А., Садырбаева Ж.Э., Култаева Г.О., Кыдыкбаев Ж.С., Сулайманов К...
📌Бүгүнкү кошмо жыйында ар кандай маселелер дагы көтөрүлүп, Депутат Медербек Саккараев Чүй облусундагы ирригация менен су...
#Бишкек #Ош #ЖалалАбад #Талас #политика #АтаЖуртКыргызстан #элөкүлү #парламент #Жогоркукенеш #Алай #Кыргызстан #Нарын #ы...
Мамлекттик кыргыз тили боюнча кабыл алынган мыйзамдар жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматовадан кыскача маал...
Депутат Алишер Козуев Ош шаарына кирген Т-образдуу жол боюнча айтты.
Депутат Алишер Козуев элдин саламаттыгы боюнча маселе көтөрдү
“Эл өкүлдөрү менен маектешүү” рубрикасы✅2-бөлүк✔️Эл өкүлү Надира Нарматованын мыйзам долбоору жөнүндө кенениреек түшүндү...

Telephone

Website

Address


205, проспект Чуй
Bishkek
720040

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00
Other Political Parties in Bishkek (show all)